"Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаал менин жеке көзөмөлүмдө турат" деп бүгүн, 26-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Ак-Сай айылында тургундар менен болгон жолугушуусунда билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы аксайлыктар менен Тажикстандын Исфара шаарына бара жатып жолугушту. Президент укук коргоо органдарына, куралдуу күчтөргө, бардык министрликтердин жана мекемелердин жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилгенин эске салды.
"Тажик тарап менен биргеликте көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында кырдаал турукташты. Баткен облусунун чек ара аймагына Ички иштер органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кошумча күчтөрү жиберилди. Өткөндөгү силер менен жолугушуудан кийин бул иш ыкчам түрдө аткарылганын өзүңүздөр көрүп турасыздар. Эми чек ара аймактарын көзөмөлдөгөн патрулдук иш туруктуу негизде жүргүзүлөт. Чек ара толугу менен биздин көзөмөлдө турат", - деди Сооронбай Жээнбеков.
Ал аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин саны чек арага жакын айылдардын аймагында бир кыйла көбөйтүлгөнүн белгиледи.
"Сиздердин коопсуздугуңуздар жана өлкөнүн кызыкчылыктары биринчи планда болот. Азыркы учурда бардык чек ара маселелерин чечүү боюнча иштерди активдүү жасап жатабыз. Өкмөттүн жетекчилери, Тажикстандын жетекчилери менен туруктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", - деди ал.
Ошондой эле президент чек ара көйгөйлөрүнө байланыштуу жергиликтүү тургундардын пикирлерин укту.
Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен жолуккан соң, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууга жөнөп кетти.