Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония оорусу 308 адамдан аныкталса, 258 бейтап илдетти жеңип чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын ичинен: Бишкек шаары - 203;
Ош шаары - 6;
Чүй облусу – 62;
Ош облусу - 3;
Талас облусу - 5;
Нарын облусу - 9;
Ысык-Көл облусу – 18;
Жалал-Абад облусу – 2;
Баткен облусу - 0.
Муну менен өлкөдө коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 96 миң 60ка жетти. Ал эми илдетти жеңген адамдардын саны 89 миң 719 болду.