Баткендеги Достук айылынын тургуну Мамасадыр Нарматов Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийинки турак жайынын абалын көрсөттү.
Анын айтымында, турак үйүнөн тартып бир топ мүлктөрү күйүп кеткен.
"Лейлек районунун Достук айылындагы Каксай участкасында турабыз. Согуштан кийинки үйүбүздүн абалы ушул. Үйүбүз, эки жылдык өрүгүбүз, жаңы алган Портер унаабыз, жүгөрүлөрүбүз, акчабыз, бир тоннадай шалыбыз бар эле. Эч нерсе калбаптыр. Болгон мүлкүбүздүн баарын баскынчылар өрттөп, күлгө айлантыптыр", - деди Нарматов.