Өлкөдө 14-апрель саат 10:00гө карата коронавирус дагы 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Жалпы сан 430 адамга жетти.
Бишкекте – 8;
Чүй облусунда – 1;
Жалал-Абад облусунда – 2.
Алардын алтоо аял, бешөө эркек.