Кыргыз-Тажик чек арасында кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду

Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду. Документке 18-мартта вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кол коюшканын өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Протоколго ылайык, Көк-Таш - Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш иштерин улантуу макулдашылды.

Мындан тышкары Жеңиш Разаков жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик башчылары Көк-Таш - Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу жүрүп жаткан жерди көрүп келишти.

Ал эми чек арадагы кыдаалдын кесепеттерин иликтөө боюнча биргелешкен териштирүү тобунун иши улантылат.

13-мартта Көк-Таш - Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 3 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган. Ошондой эле Ак-Сай жана Орто-Боз айылдарындагы жаш балдар менен аялдар Баткен шаарына көчүрүлүп келип, №3 орто мектептин жана №57 кесиптик лицейдин спорт залына жайгаштырылса, айрымдары туугандарынын үйүнө жеткирилген.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Салкын Абдыкариева SUPER.KG'ге Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу азырынча ачыла электигин кабарлады. Анын айтымында, алгач жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан кийин ачылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
futboler
2019-03-18 18:58:40
Тынчтык орногону жакшы болуптур, бирок дагы бир жерди бере салбадыңарбы
+1
Gulnyr19
2019-03-18 19:00:08
Инстаграмда жол ачылды деп жүрөтко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан