Бүгүн, 26-июлда Кыргыз мамлекетинин президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ак-Сай менен Ворух айылынын чек арасында жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз-Тажик мамлекет башчылары чек арага жакын жайгашкан айылдын тургундары менен сүйлөшүштү. Алардын жолугушуусу Исфара шаарында, андан кийин Чолпон-Ата шаарында уланат.
Буга чейин Сооронбай Жээнбеков бүгүн Баткен облусунун Ак-Сай айылында эл менен жолуккан.
22-июлда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган.