Бүгүнкүгө карата Бишкек шаарында жайгашкан ооруканаларда коронавирус илдети менен жабыркагандар үчүн 332 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.

Төмөнкү ооруканаларда бош орундар бар:
Улуттук хирургия борбору - 6;
Республикалык инфекциялык оорукана - 44;
№2 клиникалык төрөт үйү - 13;
Улуттук госпиталь: Мобилдик госпиталь - 63;
Кардиология жана терапия улуттук борбору - 19;
Чүй облустук бириктирилген ооруканада - 10;
№1 шаардык клиникалык оорукана - 44;
Улуттук онкология жана гематология борбору - 7;
№6 шаардык клиникалык оорукана - 27;
Улуттук госпиталь: Урология корпусу - 52;
Республикалык наркология борбору - 35;
Улуттук фтизиатрия борбору - 19;
Улуттук госпиталь - 12.