Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов: "Фонддун атынан ар бир ыктыярчы дарыгерге ыраазычылык билдиребиз"

"Фонддун атынан ар бир ыктыярчы дарыгерге ыраазычылык билдиребиз". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Түшүнбөстүктөрдөн улам жаралган талаштарга чекит коюлду. Эки тарапты теӊ маалыматтык келишпестиктерге барбоого чакырабыз.
Учурдагы кыйын күндөрдө эч нерсеге карабай, элдин ден соолугу үчүн чогуу аракеттерди жасообуз абзел. Биз биргеликте гана кыйынчылыктарды жеӊе алабыз. Кол кармашып, ынтымак менен гана жашообузду кубанычка бөлөйбүз!
Фонддун атынан дагы бир жолу Айгерим Иманалиевага, Алмаз Кусеиновго, Азиз Туланбаевге, Кубанычбек Кенжекуловго, Данияр Бапыевге, Сымбат Мамутовага, Элина Усубалиевага жана башка ыктыярчыларга ыраазычылык билдиребиз.
Сиздер ар күнү өз өмүрүӊүздөрдү тобокелге салып жүздөгөн өмүрлөрдү сактап, адамзатка жашоо берип жатасыздар. Сиздердин тоодой эмгегиңиздер үчүн таазим этебиз", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин депутат фонд тарабынан ачылган стационарларда жарым айдан бери адам өмүрүн сактоого болгон күч-аракетин жумшаган дарыгерлер өз ишин аякташканын жазган. Бул аралыкта 32 дарыгер 705 бейтапка кеп-кеңешин берип, алардын 120сын ооруканага жаткырып медициналык жардам көрсөтүшкөн. Алардын ичинен 82 адам айыгып чыгып, 3 адам жандандыруу бөлүмүнө которулган. Жакынкы 2 аптада алар обсервацияга жайгаштырылып, ден соолугун чыңдашат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин «Коронавирус менен күрөшүүгө салым кошкон дарыгерлерге төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөр» тууралуу буйругуна ылайык, «Исмаил Матраимов» атындагы фонд 32 дарыгерге акча которгон.

5-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов: "Райымбек Матраимовдун командасы Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачуу менен алек болуп жатат", - деп билдирген. Ошол күндөн тарта фонд тарабынан ачылган стационарлар керектүү дары-дармектер жана медициналык шаймандар менен каржыланууда.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан