Орусиянын президенти Владимир Путин COVID-19'га каршы милдеттүү эмдөөнү киргизүү мүмкүн эместигин билдирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, видеоконференция режиминде өткөн экономикалык жолугушууда ал ушул тема боюнча ар кандай көз караштар айтылганын, анын ичинде жалпы калк үчүн же өз ишинин мүнөзү боюнча айрым адистиктердин соода, коомдук тамактануу, транспорт, медицина, билим берүү, социалдык мекемелердин өкүлдөрү жана башка жумушчулар үчүн милдеттүү эмдөө киргизилгендигин белгиледи.
"Менин көз карашымда, коронавируска каршы эмдөө милдеттүү болбошу керек, бирок адамдар өзүлөрү
бул эмдөөлөрдүн зарылдыгын түшүнүшү абзел", - деп билдирген Владимир Путин.
Ошондой эле ал коронавируска каршы орусиялык вакциналардын ишенимдүүлүгүнө жана коопсуздугуна ишенет жана эмдөө алуу үчүн өлкөдө бардык шарттар түзүлгөн деп эсептейт.
"Мен дагы бир жолу баса белгилеп айткым келет, орусиялык вакцина - практика жүзүндө өзүнүн миллионунчу колдонулушун көрсөткөн бүгүнкү күндө эң ишенимдүү жана коопсуз", - деп кошумчалаган Путин.