Бишкек шаары боюнча сутка ичинде 169 адамдан коронавирус аныкталды

Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 169 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 169 учурдун ичинен 134ү лабораториялык жол менен тастыкталгандар. 35и клиника-эпидемиологиялык пневмония.

Бишкек шаарынын райондору боюнча:

Ленин району - 35;

Свердлов району - 27;

Биринчи Май району - 33;

Октябрь району - 32.

Ал эми башка региондон келгендердин ичинен 42 адамдан илдет аныкталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан