Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 311 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг берип жатып билдирди.
Анын айтымында, илдеттен сакайып чыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды. Калгандары башка аймактардагы ооруканалардан чыгарылды.
Бишкек шаары – 153
Ош шаары - 15
Чүй облусу – 81
Нарын облусу – 9
Ысык-Көл облусу – 32
Жалал-Абад облусу – 16
Баткен облусу – 5
Жалпы өлкө аймагында 101 миң 33 бейтап коронавирус илдетинен сакайды.