Британияда коронавирустун омикрон штаммын жуктуруп алган биринчи бейтап каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин COVID-19 омикрон штаммынан улам каза болгондор катталган эмес.
Белгилей кетсек, коронавирустун жаңы штаммы омикрон тууралуу алгач Түштүк африкалык дарыгер Анжелик Кутзее биринчи болуп маалымдаган. Көп өтпөй ал бул илдеттин алгачкы белгилери тууралуу айтып берген. Анын айтымында, оорунун алгачкы белгилери кадимки коронавирустан айырмаланып, кыйла жеңил сезилет.
Дүйнөгө тездик менен жайылып жаткан коронавирустун омикрон штаммы боюнча кабарлардын топтому.