Орусиянын Москва шаарында коронавируска байланыштуу бет кап тагынуу жана кол кап кийүү режимин күчтөндүрүү башталат. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылды.
Андагы маалыматка ылайык, 9-июнда январь айынан бери коронавирустун рекорддук көрсөткүчү катталды. Анда бир сутка ичинде 4124 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган. Бул көрсөткүч менен пандемия башталгандан бери вирус жуктургандардын саны 1 миллион 209 миң 214 болду.
"Бүгүндөн баштап санитардык эрежелерди сактоо талабы күчөтүлөт. Коомдук жайларда, киши көп топтолгон жерде, соода түйүндөрүндө, иш-чараларда жарандар милдеттүү түрдө бет кап тагынып, кол кап кийиши керек. Бет кап жана кол кап режимин сактабагандарга 4 миңден 5 миң рублга чейин айып пул төлөө каралган", - деп айтылат билдирүүдө.