Алгач Индияда аныкталган коронавирустун Дельта деп аталган жаңы түрү ушул аптада 74 өлкөгө жайылып, Улуу Британияда үстөмдүк кылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, акыркы бир аптанын ичинде Улуу Британияда эмдөөлөрдүн жетиштүү деңгээлде жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, 30 миңден ашуун коронавирус оорусу аныкталып, ал эми 90 пайызы Дельта экени тастыкталган.
Англиянын коомдук медицина кызматы жаңы штамм коронавирустун башка түрлөрүнө караганда 64 пайызга көбүрөөк жугуштуу жана учурдагы вакциналарга бир аз чыдамдуу экендигин билдирген.
Ошондой эле индиялык штаммды жуктуруу адаттан тыш белгилер менен коштолот: ичтин оорушу, кусуу, жүрөк айлануу жана угуунун начарлашы. Мындан тышкары шотландиялык вирусологдордун айтымында, Дельта ооруканага жатып калуу коркунучун туудурат.