Москвада коронавирус жуктургандар дарыланып жаткан ооруканадан өрт чыгып, бир адам каза болду

Москванын түндүк жагындагы ооруканалардын биринен 9-майда түндө өрт чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышты.

Ага ылайык, өрт оорукананын биринчи кабатынан чыккан. Ал урология бөлүмү болгону менен азыркы кырдаалга байланыштуу анда коронавирус жуктургандарды дарылап жатышкан. Өрттүн чыгышынын себеби кислород толтурулган баллон болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Андагы бейтаптар менен дарыгерлер эвакуацияланган. Бирок ӨКМ өрттүн кесепетинен 1 адам каза болуп, 3 киши жабыркаганын маалымдаган. Анда кошумчалангандай, учурда өрт өчүрүлгөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2020-05-10 02:08:20
Атайын эле болсо керек
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан