Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдетинен 6 бейтап көз жумду. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, каза болгон жарандардын бешөө Бишкекте, бирөө Чүй өрөөнүндө катталды.
Республика боюнча каза болгондордун саны1 миң 964 кишини түздү. Анын ичинде лаборатордук тастыкталган 736, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган 1 миң 228.