Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус дүйнө жаңы эпидемияга даярдануусу керектигин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал жаңы эпидемияга жана пандемияга даярданып, алдын алуу, ыкчам жооп кайтаруу үчүн колдон келгендин бардыгын жасоо керектигин айтты.
"Баарыбыз пандемия үйрөткөн сабактарды эске алышыбыз керек" деген Гебреисус.
COVID-19 пандемиясы жөнүндө айтып жатып, Гебреисус коронавируска каршы эмдөөлөрдүн 77 пайызы азыр дүйнөнүн 10 гана өлкөсүндө жүргүзүлгөндүгүн белгилеген. Ошол эле учурда көпчүлүк аз кирешелүү өлкөлөрдө калктын аярлуу катмарына жана тобокелдик тобуна кирүү үчүн эмдөө дагы деле жетишсиз болуп жаткандыгын айткан.