Кыргыз өлкөсүндө коронавируска шектелип 100 адам ооруканага жаткырылды

Бүгүн республикалык штабда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу айтып берди.

2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 42ге жетти.

Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан:

1. Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада;

2. Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында;

3. Ноокат аймактык ооруканасында;

4. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында;

5. Баткен облустук бириккен ооруканасында.

Ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө. Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
talant87
2020-03-24 12:58:41
Кудай сактасын кайсыл жерлерде ошонуда айтып койгулачы админ
+2
Эльвира Караева
2020-03-24 12:59:48
talant87, аныкталары менен жазылат
-1
Kuyoo_bala
2020-03-24 13:29:21
Башталдыыыыы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан