Буга чейин баласы ичинде чарчап, Бишкектеги төрөтканалар албай эки күн убара тарткан аялдын окуясы тууралуу маалымдалган. Аталган окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин тапшырмасы менен кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, фактылар жарым-жартылай тастыкталды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Айрым фактылар тастыкталганына байланыштуу шаардык перинаталдык борбордун, №1 шаардык төрөт үйүнүн, шаардык гинекологиялык ооруканасынын жана №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилерине дисциплинардык чаралар көрүлөт", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.