Орусиянын Палана шаарчасына жакын жерде зоого урунган АН-26 учагынын жүргүнчү ташуучу учагынын кулаган жерине бүгүн, 7-июлда таңга жуук алгачкы куткаруучулар жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар окуя болгон жерден 6 адамдын жансыз денесин табышкан. Учак зоого урунуп, сыныктары Охот деңизине кулап түшкөн. Учурда издөө иш-чаралары улантылууда.
Кечээ, 6-июлда Орусияда АН-26 жүргүнчү ташуучу учагы Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учуп бара жатып байланыш үзүлгөн. Учакта 29 адам бар болгон жана анын көпчүлүгү Палана шаарчасынын тургундары. АН-26 учагын издөө иштерине деңиз кемелери, тик учактар тартылган.