Жалал-Абадда коронавирус менен жабыркаган бир бейтапка канча каражат жумшалды? Өкүлдүн жообу

Бүгүн, 27-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана облус боюнча медициналык штабдын башчысынын орун басары Урматбек Боржиев онлайн маалымат жыйын беришти.

Анда Жалал-Абад облусунда коронавирус менен ооруган адамды дарылоого канча акча сарпталганы тууралуу маалымат айтылды. Бул боюнча Жалал-Абад облусу боюнча медициналык штабдын башчысынын орун басары Урматбек Боржиев төмөнкүдөй маалымат берди.

"Министрликтин маалыматы боюнча жалпы кеткен каражатты орто чен менен айтканда ар бир бейтапка ар кандай сумма кетиши мүмкүн. Бирок маалымат толук тастыктала элек. Анда бир кишиге орто эсеп менен 15-20 миң сомго чейин каражат сарпталышы мүмкүн. Анын ичинде бейтаптардын тамак-ашы, дары-дармек жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдардын баары эсептелген. Эгерде бейтап оор акыбалда болуп, аба жетпей, көп дары же жасалма дем алдыруучу аппарат керек болуп калса, анда көп каражат кетиши мүмкүн", - деди ал.

Ошондой эле коронавирус жуктурган тургундардын райондору айтылды. Акыркы маалыматка ылайык, Сузак районунда 85, Кара-Көл шаарында 1, Майлуу-Суу шаарында 2, Жалал-Абад шаарында 7, Ала-Бука районунда 14 жана Аксы аймагында 2 коронавирус жуктурган жаран катталып, жалпы саны 111ге жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Merch
2020-04-27 14:35:46
Кара Көлдүн мэринин видео кайрылуусу жүрөт го дагы алты адамдан аныкталды деп, ошону тактап көрсөңөр? Админ. Бул жакта саат үчтөн кийин көчөгө чыгарбайт.
+1
Nuri1988Elim2010
2020-04-27 21:44:16
Неге жазганым чыкпай калтат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан