Леонардо да Винчинин аюунун башы тартылган сүрөтү 12 миллион 200 миң долларга сатылды

Леонардо да Винчи тарткан аюунун башынын сүрөтү сүрөтчүнүн эмгектеринин арасынан рекорддук суммага - 12 миллион 200 миң долларга сатылды. Бул тууралуу Christie's аукцион үйү жарыялаганын чет элдик басылмалар жазышууда.

"Бул сүрөт Леонардо да Винчинин сүрөтчү катарында теңдеши жок чеберчилигин тастыктап турат", - деп айтылат докладда. Аюунун башы сүрөтчүнүн сүрөттөрүнүн ичинен жеке колдонууда калган сегиз сүрөттүн бири. Адистер сүрөт тууралуу бир пикирге келишпесе да, сүрөттүн өзгөчө мааниси боюнча бир пикирге кошулушат.

Леонардо да Винчинин мурунку "Ат жана чабандес" эмгеги рекорддук суммага сатылган сүрөтү болгон. Ал 2001-жылы Christie's дүкөнүнөн 8 миллион 100 миң фунтка (11 миллион 100 миң долларга) сатылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bak.taalai
2021-07-10 01:49:34
Ой муну мен деле тартмак экенмин кызыгып не болгон аюу экен деп кире калса. Кайран гана акча... мага 3миллион сом болсо эле туболукко бактылуу омур сурот элем
+2
Asmat84
2021-07-10 13:53:19
Bak.taalai,жоок тууган акча болот алтын башың аман болсо... Бактылуулук акчада эмес
+1
Gulina90
2021-07-10 23:37:21
Апей ботом бул суротту 3-класстагы балам тартат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан