Сауд Арабиянын ханзаадасы Турки ибн Фейсал Аль Сауддин үй кызматчылары аны орой жана жаман мамилеси үчүн айыптап чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Франциянын полициясына 7 филиппиндик аял кайрылган. Алар ханзааданын бала багуучусу, үй кызматчысы. Алар ханзааданын Париждеги хан сарайында кызмат кылып келишкен.
Алар полицияга ханзаада, аялы жана балдары аларга орой мамиле жасап, кээде уктаганга уруксат бербей тургандыктарын айтышкан. Ошондой эле аларга эмгек акы аз төлөнөрүн, кол коюлган келишимде алардын маянасы көп суммада болгонун айтып арызданышкан.
"Бала багуучу кызматкерге ханзаада жакындары анын бетине түкүрүүгө уруксат берген. Эгер бала ыйласа анда аны сабашкан. Мисалы балдар өз каалоолору менен балмуздакты көп өлчөмдө жеп, кийин ашказаны ооруп калса бала багуучу жазага тартылган. Ошондой эле кызматкерлер ханзаада менен аялы уктаганга чейин иштегенге милдеттүү болгон. Бирок алар көбүнчө түнкү саат 3тө же андан кеч укташкан. Бирок ага карабай кызматкерлер эртең мененки саат 7де туруп жумуштарын аткарып, 4 баланы караш керек болгон. Алар болгону 3-4 гана саат уктап жүрүшкөн.
Дагы бир кызыгы, кызматчылар ханзаададан арткан гана тамактарды жешкен. Ашкана кечки тамакта гана ачылып, андан кийин дароо кулпуланган. Ошондуктан алар көп жолу ачка калышканын да жашырышкан эмес.
Бул окуялар көбүнчө 2013-2015-жылдар аралыгында болгон. Франциянын мыйзамдарына ылайык, кызматкерлердин эмгегин туура эмес пайдалангандар үчүн эң жогорку жаза 10 жыл. Бирок француз полициясы Аль Сауд Франциядан чыгып кеткендиктен жана дипломатиялык кол тийбестик укугуна ээ болгондуктан аны кармай албай жана суракка ала албай турганын айтышкан", - деп жазылат маалыматта.