"Баш сөөгү, тиштери сынып, колу күйүп, буттарын үшүк алган". Казакстанда 3 жашар кызын сабап өлтүргөн 22 жаштагы келинге соттун чечими чыкты

Казакстандын Петропавловск шаарында 3 жаштагы кызын сабап өлтүргөн 22 жаштагы келинге соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өз кызын өлтүргөнгө айыпталган Екатерина Голешованы сот 10 жыл 5 айга эркинен ажыратты. Ал кызын никесиз төрөп, балдар үйүнө өткөрүп жиберген. Андан соң туугандары кызды өз камкордугуна алышкан. Көп өтпөй наристени энеси өзү багууга бел байлаганын айтып, туугандарынан алып койгон. Аял күнөөсүн толугу менен моюнга алган. Ошондой эле анын мурда эч жерде иштебегендиги жана соттолбогондугу айтылат.

Мындай үрөйдү учурган окуя ушул жылдын январь айында орун алган. Дарыгерлер кичинекей кыздын баш сөөгү жана тиштери сынганын, колу күйүп, буттарын үшүк алганын айтып, кызды сактап калууга колдон келген аракеттерин жасаганы менен ал каза болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
portugalia
2021-07-11 11:45:45
Он жыл деле аздык кылат
+5
Gulina90
2021-07-11 12:02:38
Торобой эле койбойт беле эшек,кантип колу барды экен,айбанчалык жок экенсин.
+3
nazira...
2021-07-11 12:59:25
Алкаш орус болсо керек да, тооба
+1
bratanyn
2021-07-11 21:24:07
Булардын даражасы иттен төмөн.Мындайларды элдин ортосуна коюп өрттөп өлтүрүү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан