"Жакшылык ар дайым жамандыкты жеңет". Хабиб Порьени жеңиши менен куттуктады

Жеңил салмактагы UFC'нин мурдагы чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Дастин Порьени "UFC 264" мелдешинде Конор Макгрегорду уткандыгы менен куттуктады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

"Жакшылык ар дайым жамандыкты жеңип чыгат. Мен Порье үчүн абдан кубанычтамын. Дастин, курду жылдын аягында аласың деп үмүттөнөм", - деген Нурмагомедов.

Бүгүн, 11-июлда Лас-Вегас шаарында UFC 264 турнири өткөн. Мушташ техникалык нокаут менен аяктап, биринчи раунддан кийин Макгрегор бутунун сынганынан улам күрөштү уланта алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-07-12 11:47:01
Жонокойлуулук ар дайым жеңиш алып келет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан