26-июнга карата өлкө аймагында коронавирустан дагы 50 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Акыркы сутка ичинде 250 адамдан коронавирус аныкталды.
"Алай" футболдук клубунун бир оюнчусунан коронавирус аныкталып, команданын 20 оюнчусу 14 күнгө обсервацияга жаткырылды.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 21 кызматкердин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Өлкөдө коронавирус менен күрөшүп жаткандардын 46сынын абалы оор экени маалымдалды.
Республикалык штаб өлкөгө өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок деген чечим кабыл алды.
Президенттин аппаратынын 8 кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды.
Ош шаардык мэриясынын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Ал обсервацияларды уюштуруу иштерин аткарган.
Учурда коронавирус инфекциясынан тышкары сасык тумоо илдети дагы жүрүп жатканы байкалууда. Адис сасык тумоонун жайылышына эмне себеп болуп жатканын жана андан балдарды кантип сактоо керектигин айтып берди.
26-июнда Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан өлкөгө 554 Кыргыз жараны келди.
Өлкөдө өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал шартында коомдук коопсуздукту камсыз кылган кызматкерлерге кошумча каражат төлөнөт. Ал үчүн Каржы министрлигинен 218 миллион сом бөлүндү.
Бир канча аптадан бери Бишкектеги кызматтарга "дене табым көтөрүлүп, жөтөлүп, демим кысылып жатат" деп чалган тургундар көп болууда. Мындан улам борбор калаада врачтар онлайн-консультация берген тейлөө ишке киргизилди.
Парламенттик шайлоо коронавирус пандемиясына карабай өткөрүлө турганы айтылды.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды, 18-майды, 19-майды, 20-майды, 21-майды, 22-майды, 23-майды, 24-майды, 25-майды, 26-майды, 27-майды, 28-майды, 29-майды, 30-майды, 31-майды, 1-июнду, 2-июнду, 3-июнду, 4-июнду, 5-июнду, 6-июнду, 7-июнду, 8-июнду, 9-июнду, 10-июнду, 11-июнду, 12-июнду, 13-июнду, 14-июнду, 15-июнду, 16-июнду, 17-июнду, 18-июнду, 19-июнду, 20-июнду, 21-июнду, 22-июнду, 23-июнду, 24-июнду, 25-июнду окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.