Кыргыз өлкөсү карантин киргизүүгө даяр эмес. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде билдирди.
"Былтыр эки айга карантин жарыяланып, эки-үч айдын ичинде биздин экономикабыз абдан жабыркады. Ошондой эле элибиз да кыйналып кеткен. Анда биз башка донорлордон акча, насыя алып, ошол кездеги элдин муктаждыгын жоюп кеткенбиз. Эгер биз карантин киргизсек, экономикалык кризиске учурайбыз. Эмгек маяна, жөлөк пул, пенсияларды бере албай калабыз. Ошондуктан карантин киргизе албайбыз. Ысык-Көл облусунда медициналык кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Ал жакта коронавируска кабылгандардын саны аз", - деп билдирди Бейшеналиев.