Ошто жүргөн орусиялык блогер Илья Варламов: "Менин ата-бабаларым ушул жердеги үңкүрлөрдүн биринде жашаган"

Кыргыз өлкөсүнө келген орусиялык блогер Илья Варламов өзүнүн Ош шаарына келгендеги эмоциялары менен Инстаграм баракчасына бөлүштү.

"Мен Кыргыз өлкөсүнө кайтып келдим! Түнкү учууга карабастан кубанганымды жана күч-кубатка толгонумду сезип турам. Бул жерде мага эмне себептен мынчалык ыңгайлуу экендигин түшүнгөндөймүн.

Оштогу тарых музейин алсак, менин ата-бабаларым ушул жердеги үңкүрлөрдүн биринде жашаган. Ош абдан кызыктуу шаар. Бул жерде көптөгөн советтик экспонаттар сакталып калган. Сейил бакта эски Як-40 турат, беш кабаттуу имараттардын бетинен олимпиадалык аюуну жана Советтик аэрофлоттун жарнамасын жолуктурууга болот. Анан, албетте, советтик модернизмдин бермети болгон Сулайман-Тоодогу тарыхый-этнографиялык музей. Бул имарат 1970-жылдары курулган, негизи ресторан курууну каалашкан, бирок имарат үңкүрдө жайгашкан музейге айланды. Абдан эффективдүү объект. Мен сиздерди жакшы көрөм жана тандырдын ысык самсысы сыяктуу кыргыз саламын жолдойм" ,– деп билдирүү калтырган.

Буга чейин орусиялык блогер Бишкекке 2020-жылдын 2-сентябрында келген. Блогер борбор калаанын жолдору, инфраструктурасы начар экендигин белгилеп, бирок жашоочулардын меймандостугу суктанарлык деген кенен репортаж даярдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
al-abu-kinesz
2021-07-12 19:06:52
Ооба, сенин ата бабаларын Кыргызстанда, а меники Россияда (Алтайда) жашаган.. ))
+5
Gulina90
2021-07-12 21:55:59
al-abu-kinesz,омурубуз россияда отуп жатат десениз,кудай буюрса бизда Оз олкобуздо жашап,иштеп калаарбыз.Чынында Уй жай мал кылып алсам айылда эле жашамакмын.
+1
Dembele84
2021-07-12 19:48:45
Ушинтип мактап туруп Россияга жеткенде кайрадан шыбай баштабагын анан.
+7
Mylatka..
2021-07-13 13:11:48
Бул ункурдо бир кездерде ата бабам жашаган деп эмнени айткысы келип кыйытты экен бул киши.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан