Сауд Арабия өлкөсү Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы күрөшүү максатында гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам катары жалпы суммасы 500 миң доллар ашык сомду түзгөн бир жолу колдонулуучу медициналык коргоочу кийимдер, бет каптар келип түштү.
"Иш-чарага Сауд Арабиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарымдуу элчиси Ибрахим Аль-Ради жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова катышты.
Жылдыз Бакашова коронавирус илдети менен күрөшүү максатында көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, мындай кадамдар эки өлкөнүн ынтымагын, кызматташтыгын бекемдей тургандыгын билдирди", - деп жазылат маалыматта.