Соңку суткада 40 дарыгерден коронавирус инфекциясы аныкталды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 40 ак халатчандан коронавирус илдети аныкталды. Муну менен республика боюнча COVID-19 менен жалпы 6 миң 52 медицина кызматкери жабыркаганын республикалык штабдан маалымдашты.

Бир суткада ооруну жуктуруп алганы аныкталган дарыгерлер:
Бишкек шаары - 17;
Ош облусу - 3;
Жалал-Абад облусу – 2;
Баткен облусу - 12;
Чүй облусу – 2;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 2.

Ал эми бир суткада стационардан 11, үй карантининен 28 медицина кызматкери чыгарылды. Инфекциядан жабыркаган саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин 5 миң 257си сакайды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан