Кечээ, 16-июлда өлкөгө Азербайжандан 40 миң доза "AstraZeneca" вакцинасы менен гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
"Кыргыз тарап Азербайжанга өлкөлөрдүн ортосундагы боордоштук мамилелердин көрүнүшү болгон бүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирди", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, бул Азербайжандын Кыргыз өлкөсүнө жиберилген биринчи гуманитардык жардамы эмес. 2020-жылдын апрель айында 64 тонна медициналык жана антисептикалык каражаттар алынган.
Жүктү аэропорттон тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев тосуп алган.