Сыймык Жапыкеев коронавируска каршы вакцина алды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев коронавирус илдетине каршы эмдөө алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып, сүрөт менен бөлүштү.

"Достор, Кытай вакцинасын алдым. Караңгычылыктын кереги жок. Коронавирус Кытайдан башталган, алар вирусту буюрса жеңишти, эмне деген тартип, мээнет кетти. Кытай азамат! Баары Жараткандын колунда.

Достор, вакцина алыш керек. Эгерде ооруп калсаңар 1000 долларга дарыланасыңар. Вакцина алгандан кийин илдет жукса да жеңил өтөт экен. Европа, АКШ, Орусия алып башташты. Дүйнөдө вакцина табылбай жатат. А бизде өкмөт 1 миллион 200 миң вакцинаны кызылдай акчага сатып келишсе, кээ бирлери караңгычылык менен албайбыз деп отурабыз. Өкмөт бекер берип жатканда рахмат деп эле алыш керек", - деп жазып калтырган ал.

Белгилей кетсек, өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Калкты илдетке каршы эмдөө үчүн учурда Кытайдан келген Синофарм жана Орусиянын Спутник V вакцинасы колдонулууда. Ошондой эле өлкө боюнча жалпысынан 58 миң 398 адам эмдөөдөн өттү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bratanyn
2021-07-19 17:35:24
Өзүңүз алдыңызбы? болду эми сөздү көбөйтбөң.Ар ким өзүнө жооп берет.
+1
Apyn8793
2021-07-19 18:36:05
Колтугуна жун чыгат эми
+1
amirrus
2021-07-19 19:55:24
Туура айтат вакцина алыш керек,биз да уй ичибиз менен кытайлардын вакцинасын алдык
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан