Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов жана Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйын берүүдө. Жылкыбаевдин билдиришинче, облус аймагында жалпысынан 35 миң 150 үй-бүлө жардам алган.
"35 миң 150 үй-бүлө жардам алды. Жеке ишкерлерибиз тарабынан азыр облуска 1 жарым тонна ун, 11 тонна макарон келди. Азыркы учурда дагы жардамдар берилип атат.
Айылдарда айдап себүү иштери активдүү жүрүп жатат. Аларга эч кандай тоскоолдук болгон жок. Ошондой эле гуманитардык жардамдар убагында берилип жатат", - деди Жылкыбаев.