Британиялыктар коронавирустук чектөөлөрдүн алып салынышына нааразы болушууда

Британиянын көпчүлүк жарандары премьер-министри Борис Жонсондун коронавирустук бардык чектөөлөрдү алып салуу чечимин эрте жана кооптуу деп эсептешти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Британиялыктар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун маалыматтарына караганда, анын жыйынтыгы боюнча респонденттердин жарымынан көбү чектөөлөрдүн алып салынышын учурдагы эпидемиологиялык шарттарда туура эмес чечим деп эсептешет. Сурамжылоого катышкандардын 50 пайыздан ашыгы чектөөлөрдүн алып салынышына каршы болушкан, ал эми 31 пайызы гана жокко чыгарууга добуш беришкен.

"The Independent" гезити жазгандай, COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган жарандар бул чечимге көбүрөөк нааразы болушкан. Улуу Британияда алардын катарына төрт миллионго жакын адам кирет.

19-июлдан бери Улуу Британияда коронавирустук бардык чектөөлөр алып салынган: өлкөнүн жарандарына медициналык бет капсыз жүрүүгө жана чоң топ болуп чогулушууга, ошондой эле эпидемиологиялык тобокелдиги жогору ишканалардын кайрадан ачылуусуна уруксат берилген. Ошол эле учурда өлкөдө COVID-19 оорусунун көрсөткүчү жогору бойдон калууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан