Биз социалдык тармакта

Түндүк кайрадан ордуна коюлат. Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүктүн алынганына президент көңүл бурду

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Ата-Бейиттеги көрүстөнүндөгү түндүк алынганы боюнча окуяга президент көңүл бурду. Бул тууралуу коомдук ишмер, телеалпаруучу жана продюсер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, президенттин администрациясы менен сүйлөшүү жүргөн.
"Жолугушууга мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана жазуучунун уулу жана Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл форумунун жетекчиси Аскар Айтматов катышты.
Президент Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүк алынганына тынчсызданып жатканы, ошондой эле тез арада маселени чечүү тапшырмасын берген.
Аскар Айтматов атасынын көрүстөнүндөгү түндүктүн чоң мааниси бардыгын, аны алып салууга каршы экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында, чогулган тараптар жакынкы убакытта көрүстөндөгү түндүктү кайрадан ордуна коюу чечимин кабыл алды. Түндүктү мүрзөнүн үстүнө көтөрүүнүн бир нече варианттары даярдалат, бул жалпы композицияны бузбайт", - деп жазып калтырган Молдокматова.
Окуянын чоо-жайы:

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Ата-Бейиттеги көрүстөнүндөгү түндүктү белгисиз адамдар алып салышкандыгы тууралуу билдирүүлөр тараган.

Бул боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Улуттун улуу символикасын бийик көтөрүү максатында, “Түндүгүң түшкүр” деген наалаттан алыс болуу ниетинде түндүк алып салынган" деп жооп берген.

Ал эми Айтматовдун уулу Аскар Айтматов түндүк Ата-Бейит комплексинин жанына ыргытылгандыгын айтып, мемориалдык комплекстин архитектуралык долбоорунун автору Улан Бейшеналиевге социалдык тармактан кайрылган.

Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 10-июнда Германиядагы ооруканада каза болгон. Анын сөөгү Ата-Бейитке атасы Төрөкул Айтматовдун жанына коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kkkk3259780
2021-07-24 13:56:52
Башка иш жок калгансып. Аскар Айматовду кумтор боюнча кооооп иш козгосо болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан