Билдирүүгө ылайык, Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүк уурдалды деген маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт.
"Улуттун улуу символикасын бийик көтөрүү максатында, “Түндүгүң түшкүр” деген наалаттан алыс болуу ниетинде түндүк алып салынган. Учурда долбоордун автору Бейшенбаев менен биргеликте атайын топ ал жерге башка жаңы көрүнүш берүү концепциясын талкуулап жатат", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик мемориалдык комплекс 24 саат бою атайын күзөт тарабынан күчөтүлгөн режимде кайтарыларын, популисттик аракеттен алыс болууга чакырган. Андан сырткары Айтматовдун көрүстөнүнүн таштары жаңыртылып, толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатканы белгиленди.