Коронавирус инфекциясына каршы Орусиянын "Спутник V" вакцинасын алган аял каза болду. Учурда ага соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатканын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча эмдөөнүн терс көрүнүштөрү такталууда.
"Каза болгон жаран 19-июль күнү саат 08:30да №1 үй-бүлөлүк медициналык борборунан "Спутник V" вакцинасын алган, ал эми 22-июль күнү каза болгон. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин дагы кошумча маалымат берилет", - деди Жалалидин Рахматуллаев.