Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусунан 10 адам каза болду. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, сутка ичинде коронавирустан Бишкекте беш, Чүй облусунда төрт жана Жалал-Абад облусунда бир адам коронавирустан адам каза болгон.
Муну менен өлкөдө коронавирустан каза болгон адамдардын жалпы саны 2 миң 311ге жетти.