Өзбекстан коронавирустун туу чокусунан өттү. Мындай билдирүүсүн аталган өлкөнүн өзгөчө коркунучтуу жана чуманы дарылоо республикалык борборунун холера лабораториясынын башчысы Маруфжон Мадаминов билдирген. Ал бийликтин кабыл алган эрежелери, киргизген чектөөлөрү өзүн актаганын айтып, бардык чечимдер эпидемиологиялык абалга жараша кабыл алынып жатканын айткан.
"Биз бул оорунун туу чокусунан өттүк. Эми жуктуруп алгандардын азаюусу байкалууда. Бирок бул процесс ар кайсы аймакта ар кандай өтүп жатат. Атап айтканда, эл көп жашаган Ташкент, Бухара, Самарканд жана Ферганада бири-бирине жуктуруу учурлары дагы деле уланууда. Сырттан жуктуруп келгендерди чектөөгө мүмкүн болгондуктан, коюлган талаптар акырындык менен алынып жатат", - деген ал.
Өлкөдө аба каттамдары 30-июнга чейин токтотулган. Азырынча бул тармакты жандантуу маселеси каралган жок. Ооругандар көп катталбаган аймактарда ишканалардын иши жанданып, транспорттор каттамга чыгышты. Эртең мененки жана кечки убакытта дүкөнгө же жумушка жеке унаа менен барууга уруксат берилди. Мындан тышкары санитардык талаптарды аткарып, аралыкты сактоо эрежелеринин негизинде тургундардын сейилдөөсүнө мүмкүнчүлүк берилди.
Коңшу өлкөдө бүгүнкү күндө коронавирус менен ооругандардын саны 2 миң 46га жетип, анын 1 миң 133ү илдеттен арылды. 9 киши каза болду.