Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкө башчылык кызматын тапшырган соң Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Ооганстандагы президенттик бийликтин өкүлү Саджад Нуристани кабарлаганын Тажикстандын маалымат булактары жазып чыгышты.
Аткаминердин айтымында, президентти Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мухиб жана мурдагы администрация жетекчиси Фазл Махмуд Фазли коштоп жүрөт.
Ошондой эле Саджад Нуристани президент Ашраф Гани Тажикстандан ары башка өлкөгө учуп кетерин, бирок кайсы өлкөгө кетери азырынча белгисиз экендигин кошумчалады.
Эске салсак, кечээ, 15-августта "Талибан" кыймылы Ооганстандын бардык аймагына толук көзөмөл орнотконун жар салган. Учурда өлкөдөгү убактылуу бийликти мурдагы ички иштер министри Али Ахмад Жалали жетектеп турат.
Ал эми талибдер бийликти тынчтык жолу менен тез арада өткөрүп алууну күтүп жатышканы айтылууда.