Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 20-августтагы чечими менен чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде үйүнө бошотулган. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, Абылгазиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Башкы прокуратура кайрылып, анын ден соолугу начарлап баратканын жана материалдык чыгымды төлөгөнүн жүйөө катары келтирген.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин ден соолугунун начарлашына байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылып, анда баш коргоо чарасын жазуу түрүндө өзгөртүүнү суранган. Тергөөчү судья иштин материалдарын карап чыгып, өтүнүчтү канааттандырды. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен шектүү Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы чет жакка чыкпоо тууралуу тил катка алмаштырылды.