Биз социалдык тармакта

Кумтөр: Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 50 миллион сом төлөп абактан чыкты

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетке 50 миллион сом төлөп, УКМКнын СИЗОсунан чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.

Буга чейин Абылгазиевдин ден соолугуна байланыштуу УКМКнын СИЗОсунан жеке менчик клиникалардын бирине которулганы маалымдалган.

Эске салсак, Биринчи Май райондук соту Абылгазиевдин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын 2021-жылдын 26-июль күнүнө чейин узарткан.

Маалымат үчүн:

Буга чейин мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалганы белгилүү болгон.

УКМК Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда “Кумтөр Голд Компани” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгону аныкталгандыгын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
asefsa
2021-08-24 10:16:53
Буларда акча коп экенда
+2
Tursunbaev1978
2021-08-24 11:12:14
Камалды,кайра чыкты,не пайда?жеген акчаларынын он пайызын дагы төлөгөн жокта булар
+4
souza.j
2021-08-24 11:14:09
Tursunbaev1978,50 миллион энендин оюнчугубу
-4
Tursunbaev1978
2021-08-24 11:21:07
souza.j,Сенин энеңин оюнчугу,маңкурт бул жеген акчасынын он пайызы дагы эмес,сен маңкурт үчүн кайталап атам
+3
souza.j
2021-08-24 11:22:47
Tursunbaev1978,канча жегенин каяктан билесин
-4
Rifle_I
2021-08-24 13:10:38
souza.j,
Кумтөргө тиешелүү мыйзамда жөнөкөй депутат кнопка басканына 1млн$ алышкан деп уктум
Ал учурда бул ПМ эле.
+3
zhaynak
2021-08-24 11:14:18
50млн акчасын урганым барбы. Мыйзамсыз коюлган кол жокко чыгарылдыбы, же 50млн толотуп мамлекет 500млн зыян тарттыбы? Ошонусу кызык мага. Ошодон суйлогуло. Кар жаады из басылды кылбай.
+2
Alinur96kg
2021-08-24 14:20:35
Ээ баланча мынча миллион толоду,тукунчо мынча миллион толоду дешет.Анан эле бюджетте акча жок дешет.Эмне балее болуп атат ит билеби.
+3
Antiradikal3
2021-08-24 18:37:48
Озунор ойлонуп коргулочу, бир кой же бир телефон уурдап колго тушкондорду эмне кутот? Кеминде 2-3 жыл абак. Эч кандай жеке менчик клиникада дарыланып, эч кандай уй камагына чыгарылбайт. Уурдаган нерсеси 1000 сомдон 100 мин сомго чейин... Аны кустуруп да алышат... Ал эми ондогон жуздогон миллион доллар уурдаган биздин чиновниктерчи? Логика боюнча алар 1 секунд да жашоого акысы жок элдин казынасына кол салып ошончо акча уурдагандан кийин...
+1
Antiradikal3
2021-08-24 18:46:05
Жок, бизде андай кит коррупционерлердин уй-мулку, бут байлыгын конфискациялап, Кытайдагыдай атууга окум кылбайт...

Кайра камалгандан 1 ай отпой "оорулуу" деп оорулууга чыгарып жеке менчик клиникага чыгарышат. Ал дегени санаторияда эс алгандай эле кеп. А болбосо операция болот деп чет олкого да учуруп жиберишет. Чет олкодо операция болбой эле эс алып кыдырып жургон болот. Анан бул санаторияда эс алууларынан тажай башташканда буларды сот уй камагына которот.
0
Antiradikal3
2021-08-24 18:49:57
Уй камагы деген биздин чиновниктер учун азаттык деген эле кеп. Абсолютно ээн-эркин журушот. Участкалык милиция айыпталуучу "кит" коррупционерге келип, сен эмне учун Бишкекте турбай, Оштогу тойго барып келдин же 1 жума колдо журдун деп тергеп сурай албайт. Андай кылса жумушунан кол жууйт.
Мындан чыкты мыйзам бул кедей-кембагалдарды тизгиндеп башкаруу учун гана жазылган нерсе экен. Байлар мыйзамга баш ийбегенден кийин. Биздин бийликтин "адилеттуулук" тушунугу ушул.......
0
Antiradikal3
2021-08-24 18:57:09
Эми уурдалган суммаларга келели. Раим миллион казынадан канча акча уурдаган? Болгону 2 млрд сомбу (24 млн доллар)? Анын Кыргызстандын ар бурчундагы уйлору, колдогу коттеджи, бизнесиндеги акчалар, чет олколордогу кыймылсыз мулктору эле жуздогон миллион долларды чапчыйт. Офшордук зоналардагы банктарда, эч ким билбеген жерлердеги сейфтериндеги акчалар да бир канча жуздогон миллион доллар кеминде, эгер миллиард долларга жетпесе...
0
Antiradikal3
2021-08-24 19:00:07
Туштуктону бажы тармагын ондогон жыл башкарып турганда уурдап топтоп жыйнаган акчасы. Мына ушундай ири коррупционер болгону 24 миллион доллар толоп коюп азаттыкка чыгып кетти акталып. Анда да бул сумманын бир болугун кыймылсыз мулк менен токту,кымбат корсотуп. Ташиев айткан "жонокой жигит" уурдаган байлынынын 1/10 болугунон да азын толоп кутулуп кетти. Билбейм, жен ичинен Ташиев менен Жапаровдун чонтогуно 10-20 миллион доллардан эле салбаса...
0
Antiradikal3
2021-08-24 19:03:54
Бир соз менен ондогон жуздогон миллион долларларды уурдагандар ошол уурдаган сумманын бир чекесин кайтарып берип эле боштондукка чыгып жатышат. Канча канча кишини тоноп, канчасын олумго окум кылган криминалдар эркиндикке чыгып жатат, кармалгандан 2-5 ай отпой.....

Ал эми кой, телефон, кичине акча уурдагандар, тоногондор эл катары камалып жазасын отоодо. Бийликти сындагандар камалып кыйноого алынууда. Бул да болсо бугунку бийликтин саясаты, бийликте отургандардын жузу!!!
0
Rusbayastan
2021-08-24 19:39:24
Мени да бир чон кызматка койгула 10 млрд жеп алып 10 миллион толоп кутулуп байып кетейин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан