Орусиянын жараны "Биринчи каналды" негативдүү жаңылыктары үчүн сотко берип, 10 миллион рубль өлчөмүндө компенсация төлөп берүүсүн талап кылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, Санкт-Петербург шаарынын жашоочусу психикалык абалы начарлагандыктан психологго кайрылган. Анда ал психикалык абалы "Биринчи каналдагы" негативдүү маанайдагы программаларды көргөндүгүнөн улам келип чыккандыгын түшүнгөн.
Мындан улам ал психологдун жардамын алууга 500 миң рубль коротконун айтып, моралдык зыян тарткандыгы үчүн 10 миллион рубль өлчөмүндө компенсация талап кылуу менен сотко кайрылган.