Бразилияда бийиктиги боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган Будданын айкели ачылды

Бразилиянын Эспириту-Санто штатындагы Ибирасу монастырында Гаутама Будданын айкели тургузулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жарыяланды.

Маалыматтарга ылайык, айкелди орнотуу иши 2020-жылдын декабрь айынын аягында аяктаган. Бирок эпидемиологиялык абалга байланыштуу анын ачылышы азыркы күнгө чейин жылдырылып келген.

Темир бетондон жасалган 350 тонналык айкелдин бийиктиги 35 метрге жетет. Статуяны көрүү үчүн эч кандай чектөөлөр кирген эмес жана кирүү акысыз. Ал эми ар аптанын дем алыш күндөрү 4 миңге жакын зыяратчы келет.

Белгилей кетсек, аталган статуя Кытайдагы Лешан Буддадан кийинки экинчи орунда турат.

Ал эми төмөндөгү сүрөттөрдөн дүйнөдөгү эң бийик делген Будданын айкелдерин көрсөк болот

Лечжун-Сасачжа (Мьянма) - 116 метр

Будда Гаутама (Кытай) - 88 метр

Фо Гуан Шань монастыры (Тайвань) - 36 метр

Бонгеунса чиркөөсү (Түштүк Корея) - 23 метр

Ват Пхо чиркөөсү (Таиланд) - 15 метр

Гал-Вихара чиркөөсү (Шри-Ланка) - 14 метр

Котоку-Ин чиркөөсү (Япония) - 13 метр

Винь-Чанг чиркөөсү (Вьетнам) - 11 метр

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Men_ele
2021-08-30 14:37:31
Япониянын чиркөөсүнө жеткенде бетим кызарып кетти го...
+1
bond02
2021-08-30 15:22:33
13 метрлик будданын аты необычный экен.
0
Asmat84
2021-08-30 15:28:36
Ошо 13метрликти жөн эле койбопсуңар да 13 метрлик Япониядагы калып кетти эч ким капа болбойт эле
0
Eden-Hazard
2021-08-30 17:26:14
Ушулар кызык, өздөрү жасап алып, өздөрү сыйына берет...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан