АКШнын Калифорния штатындагы Эль-Дорадо округундагы өрттөн 30 миңдей адам эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматта жазылгандай, Калифорниянын чыгышындагы Сьерра Невада тоолуу аймактарында августтун ортосунда башталган өрттүн аянты бүгүн 700 чарчы метрден ашып, өрт эл жашаган аймактарга жакындай баштаган. Натыйжада мамлекеттик бийлик органдары эвакуациялоону жарыялоого аргасыз болушкан.
Өрт ошондой эле туристтер эс алууну жакшы көрүүчү Тахо көл аймагындагы курорттук аймакка коркунуч туудурат. Эвакуациялоо иштери бул аймакта да болуп жатат. Өзгөчө кырдаалдар кызматы өрттүн кесепетинен 20 миңге жакын имарат күйүп кетиши мүмкүн экенин божомолдоодо.