Биз социалдык тармакта

Орусия Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигине 15 Chevrolet Cobalt жана 2 спринтер унааларын берди

Орусиянын Ички иштер министрлигинин атынан унаа транспорттору Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы унаалар ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын техникалык базасын чыңдоого арналган. Ошондой эле ички иштер органдарынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча ишмердүүлүгүн бекемдөөдө, кылмыштын башка түрлөрүн ачууда кызмат кылат.

"Жалпысынан Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 15 унаа жана Газель NEXT автобус үлгүсүндөгү эки спринтер тапшырылды. Иш-чарада ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, конокторго тыгыз кызматташтыгы жана колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Андан сырткары Октябрь Урмамбетов өз ара иштешүүнү өркүндөтүү максатында "Ысык-Көл 2021" учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча кыргыз-орус машыгуулары ийгиликтүү өткөндүгүн белгилеп кетти", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Invests
2021-09-17 11:39:47
Мээси жоктор бул Спринтер эмес Газель. Орустун мусуру
0
Mister-XXX
2021-09-17 14:49:40
Invests,Газель NEXT үлгүсүндөгү эки спринтер тапшырылды.Мен туура эмес окудумбу же туура эмес жазылганбы?Же мен түшүнбөй турамбы?Спринтер деген автонун модели болсо керек.Же кузовдун аталышы ушундайбы?
0
Samash-87
2021-09-17 15:04:58
Mister-XXX,эч Кандай спринтер эмес,газель нехт маршрутка
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан