Биз социалдык тармакта

"Танк биатлону-2021": Көзгө жаш алдырган жеңиш! "Мыкты даярдыгыбызды көрсөтө алдык" дейт катышуучулар

22-августтан – 4-сентябрь аралыгында Орусияда өткөн "Танк биатлону" жана "Десанттык взвод" мелдештеринде Кыргыз өлкөсүнүн командасы 1-орунду ээледи.

14-сентябрда президент Садыр Жапаров аталган мелдештерде ийгилик жараткан аскер кызматкерлерин сыйлап, "аскерлердин бул жеңишин Токио Олимпиадасында жеңишке жеткен спортчулардын ийгилигине тете баалашыбыз керек" деген.

VII Эл аралык армия оюндарынын (АрМИ-2021) алкагында өткөн "Танк биатлону" жана "Десанттык взвод" мелдештери бул - аскердик спорт. АрМИ оюндары өзүнүн маңызы, спорттук негизи боюнча аскер кызматкерлеринин эл аралык олимпиадасы катары калыптанып калды. Оюндун алкагында кыргыз танкачылары 8 мамлекеттин командалары менен мелдешип 1-орунду алса, курсант-десантчылары 12 өлкөнүн командалары менен күч сынашып 1-орунду камсыздаган.

"Танк биатлону" менен "Десанттык взвод" сынактарынын катышуучуларына мелдештерде жеңиши үчүн акчалай сыйлык катары президенттин резервдик фондунан 1 миллион 880 миң сом бөлүндү. Кыргыз өлкөсүнүн курамасы "Танк биатлону" жана "Десанттык взвод" экинчи дивизионунун финалынын жеңүүчүсү катары кийинки жылы биринчи дивизион курамында катышуу укугун алды.

Учурдан пайдаланып Кой-Таштагы аскер бөлүгүнө барып, кыргыз намысын татыктуу коргогон жигиттер менен баарлашып кайттык. Толугу менен видеодон көрүңүз.

“Мекенибизди 24 саат бою коргоого даярбыз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-09-17 11:21:26
Мыкты даярдыкты 1-дивизиондо коргозгуло.2-дивизиондо эптемей эле командалар болчу
-1
Kari
2021-09-17 15:37:56
Кыргызымдын жигиттери оз кучторун чындап корсото алышты,анан дагы башкалардан айрымаланып биринчи жолку катышуусу булардын.Башка командалар ар жылы барып катышып тургандар экен.Биздин балдар чындап кучтуу жана акылдуу,эл учун жанын аябагандар.Азаматтар.Биз ар кунун сыймыктануу жана толкундоо менен кордук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан