Саясатчы Өмүрбек Текебаев Жоомарт Оторбаевдин кармалышы боюнча пикирин SUPER.KG порталына билдирди.
"Жоомарт Оторбаевди кечээ камакка алгандыгы мен үчүн күтүүсүз болду. Анткени аны дагы "Кумтөр" маселеси боюнча суракка чакырганда күбө катары барып жүргөн. Тергөөнүн ага каршы дооматы болгон эмес. Акыркы күндөрү көп саясатчыларды массалык кармоонун эпкини менен камалып кеткендей болуп калды. Ага кандай доомат коюлуп жатканы боюнча тергөөнүн негиздери азырынча белгисиз. Жактоочусу кирип чыкса айтат болуш керек. Ал суракка барып жооп берип жаткан, аны кескин камоонун кереги жок болчу", - дейт ал.
"Кумтөр" иши боюнча мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев кармалган.