Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо көпчүлүк чогулуп жатат деген маалыматтар тараган.
Маалыматты тактоо максатында аталган стадионго келгенибизде эч ким жок экенине күбө болдук.
Стадиондо жүргөн адамдардын айтымында, 500дөн ашуун адам чогулганын жана алар тарап кетишкенин билдиришти.
Бул боюнча Бишкек ШИИББине байланышканыбызда, маалымат такталып жатканын билдиришти.
