Биз социалдык тармакта

"Дедовщинаны болтурбоо үчүн". Көпчүлүк аскер бөлүктөрү 1 жылда бир гана жолу аскерге чакырууга өтүүдө

Аскердик бөлүктөрдөгү ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлүүдө. Бул туурасында бүгүн, 17-сентябрда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабына караштуу башкы мобилизациялык уюштуруу башкармалыгынын аскерге чакыруу бөлүмүнүн башчысы, полковник Канатбек Шамыров билдирди.
"Буга чейин аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан кызматкерлердин ар кандай себептерден улам каза болуп калган учурлары болуп келген. Ушуга байланыштуу айрым ата-энелер балдарын аскердик кызматка жиберүүдөн кооптонушат. Бирок мындай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн командирлер тиешелүү кызматкерлер менен биргеликте бардык чараларды көрүп жатышат", - деди ал.
Ошондой эле мындай нерселердин башкы себеби болуп жаткан аскердик бөлүктөрдөгү дедовщина маселесин чечүүгө багытталган алгылыктуу иштер аткарылып жатканын белгиледи Канатбек Шамыров.
"Учурда өлкөдөгү аскердик бөлүктөрдүн көпчүлүгү 1 жылда 1 гана жолу балдарды кабыл алуу жолуна өтүүдө. Мунун башкы себеби дал ошол дедовщина маселесин чечүү. Себеби аскердик бөлүктөрдө мурунку келгендер жаңы келгендерге үстөмдүк кылып, дедовщина пайда болот. Азыр көп аскер бөлүктөрүндө 6 ай мурун келгендер жана жаңы келгендер деген түшүнүк жок. Анткени алгач келген балдардын бир жылдык кызматы аягына чыккандан кийин гана кийинкилерин кабыл алышууда", - деп кошумчалады.
Мындан тышкары аскердик бөлүктөрдөгү командирлердин жоопкерчилиги күчөтүлүп, бардык коопсуздук чаралары дыкат көзөмөлдөнүп жатканын баса белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Suior85
2021-09-17 13:36:58
Эн туура
+3
Scorpion_09
2021-09-17 13:48:05
По любому бири бири менен дедовшина кылышат , армиянын жашоосун тушунбой келишет ...
0
kkkk3259780
2021-09-17 15:08:25
майып кылбай тарбиялап кое бергиле аскер жашоосуна.
+3
Mister-XXX
2021-09-17 15:14:37
Дедовщина болбосо бардак болуп кетет.Бир командир ошончо баланы кантип тарбиялайт эле?
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан